Indesit BWSD 61051 1: Персоналдаштырылган тескөөлөр

Персоналдаштырылган тескөөлөр: Indesit BWSD 61051 1

Персоналдаштырылган

тескөөлөр

Температураны жөнгө салуу

Кир жуу температурасын тескөө ТЕМПЕРАТУРА жөндөгүчүнүн жардамында жүргүзүлөт (Программалар

KGZ

таблицасын кара.).

Температуранын мааниси муздак сууда жууганга чейин азайтылышы мүмкүн .

ЭСКЕРТҮҮ: эгерде тапшырылган маани тандалган программа менен шайкеш келсе, тутканын индикатору күйөт,

болбосо ал бүлбүлдөйт жана үн сигнал белгиси иштейт (3 гудок).

Машина ар бир программа үчүн каралган максималдуу мааниден ашык болгон температураны тандоого

автоматтык түрдө жол бербейт.

! Артыкчылык: 6-программаны тандоодо температура 60° чейин жогорулашы мүмкүн.

! Артыкчылык: 7-программаны тандоодо температура 60° чейин жогорулашы мүмкүн.

Сыгуу ылдамдыгын тандоо

Тандалган программанын сыгуу ылдамдыгын тандоо СЫГУУ ылдамдыгын жөндөгүчтүн жардамында жүргүзүлөт.

ЭСКЕРТҮҮ: эгерде тапшырылган маани тандалган программа менен шайкеш келсе, тутканын индикатору күйөт,

болбосо ал бүлбүлдөйт жана үн сигнал белгиси иштейт (3 гудок).

Ар кайсы программа үчүн сыгуунун ар кандай максималдуу ылдамдыгы каралат:

Программалар Сыгуунун максималдуу ылдамдыгы

Пахта мүнөтүнө 1000 айлануу

Синтетикалык кездеме мүнөтүнө 1000 айлануу

Жүн мүнөтүнө 800 айлануу

Сыгуунун ылдамдыгы азайтылышы мүмкүн же жөндөгүчтү абалына буроо менен сыгуу таптакыр жокко

чыгарылышы мүмкүн. Машина ар бир программа үчүн каралган максималдуу ылдамдыктан жогору болгон

сыгуунун ылдамдыгын тандоого жол бербейт.

Кошумча функциялар

Машинанын ар кандай кир жуу функциялары сиздин кирдин каалаган тазалыгына жана актыгына жетүүнү шарттайт.

Функцияларды тандоо тартиби:

1. сизге керектүү функциянын баскычын басыңыз;

2. тийиштүү индикаторду күйгүзүү функция күйгүзүлгөнүн түшүндүрөт.

Эскертүү:

- Эгерде тандалган функция тапшырылган программа менен шайкеш болуп саналбаса, тийиштүү индикатор бүлбүлдөйт жана

мындай функция күйгүзүлбөйт.

- Эгерде тандалган функция башка, мурда тапшырылган кошумча функция менен шайкеш келбей турган болуп саналса, шайкеш

келбестик бүлбүлдөгөн индикатордун жардамы менен көрсөтүлөт жана экинчи кошумча функция гана активдештирилет, функциянын

индикатору күйөт.

Так

Бул функция кирдөөнүн мүнөзүн эске алуу менен, такты кетирүү үчүн кир жуунун оптималдуу циклын тандоону

шарттайт. Кирдөөнүн төсөндөгү түрлөрү тандалышы мүмкүн.:

- Тамак, тамак-аш азыктарынын жана суусундуктардын тагын кетирүү үчүн.

- Жумуш, майдын, сыянын, помаданын, тоналдык кремдин тактарын, жаканын кирин кетирүү үчүн.

- Көчө, топурактын жана сөптүн тактарын кетирүү үчүн.

! Кир жуу циклынын узактыгы кирдин тандалган түрүнө жараша өзгөрөт.

Кошумча Чайкоо

Бул функцияны тандоодо жуучу затты максималдуу кетирүү менен, чайкоонун натыйжалуулугу жогорулайт. Бул

функция териси жуучу каражаттарга сезгич болгон адамдар үчүн өзгөчө ыңгайлуу.

Жеңил үтүктөө

Бул функцияны тандоодо кир жуу жана сыгуу циклдары кирдин бырышуусун азайтуу үчүн өзгөрөт. Циклды

аяктагандан кийин машина барабанды жай айлантат. “Жеңил үтүктөө” функциясы жана ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ

индикатору бүлбүлдөйт. Циклды аяктоо үчүн ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын же “Жеңил үтүктөө” баскычын

басыңыз.

45

Оглавление